Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 2 эсе жогору

Тектеш кабарлар: Бишкекте абанын булганышы чектен ашып жатат (124 материал)

Бүгүн, 13-июнда саат 7:50гө карата Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан 2 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Чыгыш-5 кичи районундагы учурдагы көрсөткүч - 55 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 12). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши – 29 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 15).

Көк-Жар кичи району - 11 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 10).

Бөкөнбаев-Акиев көчөлөрүнүн кесилиши - 18 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 13).

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан