Бишкектеги Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин имаратына абанын булганышын ченөөчү прибор коюлду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүндөгү АКШнын элчилиги кабарлады.
Белгилүү болгондой, Бишкектен сырткары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө коюлган приборлордогу маалыматтарды эйрноу.гов сайтынан онлайн көрүп турууга болот.
Учурда Бишкектеги абанын булгануусунун көрсөткүчү метр/кубга 78 микрограмм болууда. Бул нормадан 3,12 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда метр кубга 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Ушул эле көрсөткүч метр/кубга Ташкент шаарында 198, Астана шаарында 62 микрограмм. Интернет баракчадагы шаарлардын ичинен абасы эң көп булганган аймак катары 289 микрограмм метр/куб көрсөткүчү менен Монголиянын борбору Улан-Батор көрсөтүлгөн. Ошондой эле Дакка шаары 219, Калькутта шаары 208 микрограмм метр/куб көрсөткүчү менен абасы кир аймактардын катарын толуктаган.