Депутаттар Текебаевдин ишин кайра кароону талап кылышты

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеште экс-депутат, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.

14:00. Маалымат жыйын башталды. Жыйынга депутаттар Мирлан Бакиров, Наталья Никитенко, Мирлан Жээнчороев жана Жанар Акаев келди. Алар Текебаевдин иши боюнча ачылган жаңы жагдайларга соттун көңүл буруусун талап кылышмакчы. Маалымат жыйынынан кийин адвокаттар Текебаевдин иши боюнча жаңы ачылган 5 жагдайды тизмектеп, Жогорку Сотко арыз менен кайрылышарын айтышты.

14:10. Наталья Никитенко: “Жооптуу адамдар "Леонид Маевский Текебаев менен жолукту" делген өкмөт үйүнүн 306-иш бөлмөсүндө Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары болгонун айтышты. Бул кызматта ошол учурда Алмазбек Атамбаев болгон. Текебаевдин иш бөлмөсү №307 болгон. Бул эки бөлмө бири-биринен алыс жайгашкан, ошондуктан адаштырып алуу мүмкүн эмес”.

14:20. Наталья Никитенко: “Буга чейинки сот отурумдарында “Супара” комплексинин жетекчиси Табылды Эгембердиевдин жубайы орусиялык ишкерлер менен жолугушуу болгон деген учурда Текебаевдин "Супарада" болбогонун айтты. Ошондой эле "Текебаевдин орусиялык ишкерлер менен жолугушуусун уюштурду" делген Дүйшөнкул Чотонов "жолугушуу болду" делген мезгилде Бишкекте эмес, Ошто иш сапары менен жүргөн”.

14:27. Мирлан Бакиров: "Өкмөт үйүндөгү 306-иш бөлмө жана 307-иш бөлмө боюнча расмий маалымат алынды. Эки бөлмө башка-башка тарапта экени көрсөтүлгөн. Албетте, бул иш кайрадан каралыш керек. Коомчулук билиш керек. Бир туура эмес көз караш үчүн куугунтукка алынып, иш козголуп, саясатчы же башка жаран жабыр тартпашы керек деген ойдомун”.

14:34. Мирлан Жээнчороев: “Текебаевдин иши боюнча бир топ маалыматтар айтылды. Башкы прокуратура жана Жогорку Сот бул маселени кайрадан карап чыгышы керек. Текебаевге "коррупция" беренеси боюнча өкүм чыгып жатат. Ал эми ишке аралашкан ишкерлер Маевский менен Модин эмне үчүн эркиндикте жүрөт? Муну куугунтук деп эсептейм. Сот адилетсиз болду. Биз Текебаев менен Чотоновдун ишинин кайрадан каралышы керек деген пикирдебиз”.

14:37. Жанар Акаев: “Кыргыз өлкөсүндө саясий режим алмашты. Соттон эл адилеттикти күтүп жатат. Ак Үйдөн кызматтан кеткен Манас Арабаев Кудайдан кийинки эле адам болгон. Мага 13-майда Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп кеткени боюнча расмий маалымат келди. Бул экөөнүн тең саясий себептен камалганынан кабар берет. Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан каралыш керек. Муну талап кылабыз”.

14:40. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова: “Тийиштүү катты даярдап койдук. Маалымат жыйындан кийин документтерди тапшырабыз. Документтерди эртең Башкы прокуратурага беребиз. Бирок аталган орган канча күндө жооп берерин так билбейбиз. Менимче, 10-15 күн кетсе керек. Башкы прокуратура бизди колдосо документтер Жогорку Сотко жиберилет. Алар да колдоого алса иш биринчи инстанцияга кайтарылат".

14:42. Мирлан Жээнчороев Текебаевдин иши кайрадан каралса, сот адилеттигин орнотууга ишеним пайда болорун айтты.

14:45. Наталья Никитенко: “Текебаевдин ден соолугу өтө жакшы эмес. Анын ден соолугун атайын аппараттар менен текшериш керек. Биз ага жакшы кам көрүүнү талап кылабыз”.

14:50. Маалымат жыйыны аяктады.

Депутаттар Текебаевдин ишин кайра кароону талап кылышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан