Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды.
Текебаев сот залынан чыккандан кийин тарапташтарына ыраазычылык билдирди.
"Сиздерге биз абдан ыраазыбыз. Анткени сиздердин колдооңуздарды ар дайым сезип турдук. Сиздердин аракетиңиздер менен бүгүн адилеттүүлүк ишке аша баштады. Биз бул жолу сот ишти адилеттүү карайт деп ишенип турабыз. Соттун имараты (ред. Биринчи Май райондук сот) жаңыланыптыр, менин оюмча, имарат эле эмес судьялардын да жан дүйнөсү жаңыланышы керек. Аларда жаңы нормалар, принциптер пайда болушу шарт. Мына ошондо сот реформасы жүрөт. Сот реформасынын жүрүшүнө сиздердин салымыңыздар чоң. Биз эле эмес саясий мотивде жаткан Садыр Жапаров, жөнөкөй, белгисиз карапайым балдар жалган жалаа менен жаткандардын дагы иши кайра каралып чыгышы керек", - дейт Текебаев.