Жогорку Соттун төрайымы Текебаев менен Жапаровдун сотунан калыс чечим үмүт кылууга боло турганын айтты

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда журналист 23-апрелде Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши карала турганын эскертти. Ал "Кыргыз коомчулугу эки саясатчынын сотунан калыс чечим үмүт кылса болобу?" деп сурады.

Жогорку Соттун төрайымы калыс чечим үмүт кылууга боло турганын айтты.

23-апрелде Садыр Жапаровдун соттук отуруму саат 9:00дө өтсө, Өмүрбек Текебаевдин соттук отуруму 10:00дө болот. Бул күнү эки саясатчынын тарапташтары митингге чыгышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан