Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 386 миллион долларга Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо келишими түзүлүп жатканда эмне үчүн каршы болгонун SUPER.KG`ге айтып берди. Эл өкүлү ЖЭБди жаңылоо демилгесине эмес, кытайлык "ТВЕА" компаниясы менен келишим түзүүгө каршы болгонун айтты.
"Мен Бишкекте ЖЭБ курганга каршы болгон эмесмин. "ТВЕА" менен келишим түзүүгө каршы болгом. Анткени ал убакта техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоору жок, менчик компанияны алып келип жатканына, бул эл аралык келишимге да жатпай турганын айтып, 386 миллионду алуу процедураларына каршы болгом. Аны азыр да айтып жатам. Бүгүн ЖЭБ курулуп бүткөнүнө карабастан, биз жалпы отчётторду талап кылып жатабыз", - деди Рыспаев.
Эл өкүлү техника-экономикалык негиздемеси жок, долбоору жок келишим кандай шартта Жогорку Кеңештен өткөнүн да жашырган жок.
"Ошол убакта бизге ЖЭБ керек болгон. Ошол ЖЭБ модернизацияланбаганда бүгүн тоңуп калмакпыз. Ал убакта баары суранып туруп калышты. Ошончо каражатты Кытай тарап берип жатат дегенден айла жок макул болдук. Бүгүн анын жообун мезгил талап кылып жатат. Биз ЖЭБге кетирилген каражат боюнча тийиштүү жоопторду алгандан кийин маалымат беребиз", - деп кошумчалады Рыспаев.
Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштерге жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.