Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева депутат Ирина Карамушкинанын ЖЭБди модернизациялоодо парламенттин жоопкерчилигин айтканы таң калтырганын билдирди.
"ЖЭБ боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү катары тапшырмаларды дагы бир жолу эске салгым келет. Биз анда кылдаттык менен иштегенбиз. Ар бир кол коюлган документтерди карап, кызматтагы адамдарга укуктук баа бергиле деген сунуштар болгон. Ошондой эле Башкы прокуратурага, Эсептөө палатасына, УКМКга 3 айдын ичинде маалымат бергиле деп айтканбыз. Бирок тергөө жүрдү деген жүйө келтирдиңиздер. Мындан тышкары кабыл алынган токтомдо 2018-жылдын 17-майында экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча мыйзамдарды карап койгула дегенбиз.
Ирина Юрьевнанын ЖЭБди модернизациялоодо парламенттин жоопкерчилигин айтканы таң калтырды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы, мурдагы төрага, эки комитеттин башчылары түшүндүрүп берди. Ал 2013-жылы декабрда келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбооруна, ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча токтомго "макул" деп добуш берген. Кесиптештерден бирөөнү күнөөлөп жатканда этият болууну суранат элем", - дейт ал.