Бүгүн, 10-майда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБ чуусу талкууланмакчы. Депутат Рыскелди Момбеков бул маселени талкууга мурунку 4 өкмөт башчы тең келиши керектигин айтты.
"Ошол учурдагы чиновниктер Аскар Бешимов, Махамаджан Иминов, Арзыбек Кожошев бул ишке каршы чыккан экен. Аларды да чакырып сөзүн угалы. Андан сырткары мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сапар Исаковду да чакыралы. Алар да акыркы сөздөрүн айтышсын. Бизге ЖЭБдеги авария эмес, алдамчылык иштер кызык. Эл ЖЭБ үчүн алынган кымбат кычкачтарга кызыгууда. Кычкачты да ала келсин. Эмнеден жасалганын көрөлү. ЖЭБ окуясы кылымдын кылмышы болду. УКМК козгогон кылмыш иши канчалык деңгээлде жүрүп жатат, муну да билели. УКМКнын өкүлүн кошо чакырууну сунуштайм", - деди Момбеков.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн. Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо сатып алынган кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн билдирген.