Бүгүн, 17-майда саат 09:30да Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо улантылат.
Аталган корутундуну Жогорку Кеңештин депутаттары 10-майда карай баштаган. Ал күнү айтылган маселе, суроо-жоопторду төмөнкү шилтемеден окуй аласыз.
Ал эми жыйындын 16-майдагы экинчи бөлүгү менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз. Ошондой эле парламенттин бүгүнкү жыйынын SUPER.KG порталынан түз эфирде көрүп турсаңыз болот.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.