Бүгүн, 10-майда ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Ушул маселеге ылайык SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?" - деген соболуна мурдагы депутат Өмүрбек Абдырахманов жооп берди.
Абдырахмановдун пикиринде, депутаттар эч качан биринин айыбын бири ачпайт. "Мен жыйынтыкты көрө элекмин. Авторитардык бийликте коррупциясыз жашоо болбойт, бардыгы коррупция. Себеби дегенде систем туура эмес. Мен убагында бул "афера" деп айтсам, болбой 30га жакын депутат Гонконгго барып ойноп келишкен, 5 жылдыздуу мейманканада жатып, белектерин алышкан. Депутаттар эмне иш кылбасын бирин-бири жактай берет, алар эч качан "биринин көзүн бири чокубайт", - деди Абдырахманов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Иса Өмүркулов, Таалайбек Масабировдун жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.