Депутат ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы эмне жумуш аткарганын сурады

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын 2017-жылы аткарган иши тууралуу каралып жатат.

Анда “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов Бишкек ЖЭБине жумшалган 386 миллион доллар боюнча аталган кызмат эмне жумуш аткарганын сурады.

Кызматтын башчысы Замирбек Осмонов аталган маселени иликтөө үчүн оперативдүү иштер жүргүзүлгөнүн айтып, кылмыш иштери козголуп, УКМК тергөө жүргүзүп жатканын билдирди. "Бишкек ЖЭБин жаңылоого жумшалган 386 миллион доллар боюнча мекемелер аралык тергөө тобунун курамына биздин кызматтын тергөөчүсү киргизилген", - деп жооп берди Осмонов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан