Парламентте Бишкек ЖЭБинен тышкары башка ири долбоорлорду дагы текшерүү керектиги айтылды

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон тышкары "Датка-Кемин" подстанциясын, "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолу, "Акылдуу шаар" ири долбоорлорун текшерүү боюнча тапшырмалар берилгенин эске салып, анын аткарылуу абалына кызыкты.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов буга чейин күч Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишине бурулганын айтты. Ал азыр башка иштер да иликтене баштала турганын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айрым иштер Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору менен катар эле айрым башка иштер боюнча да иликтөөлөр жүргүзүлүп келгенин белгиледи. "Бишкек ЖЭБи боюнча 8 эксперт менен 47 тергөөчү иштеди. Азыр алардын колу бошоп калды, жакында башка иштерди иликтөөгө жөнөтөбүз", - деди Жамшитов.

Зулушев өлкө аймагында ири долбоорлордун жүрүшүн кылдат текшерип, мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштүүлөрдүн бардыгын жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан