Бүгүн, 31-январда парламентте Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова ЖЭБди жаңылоо үчүн 386 миллион доллар насыя боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
"Кечээ, 30-январда биз комитетте депутаттык комиссия түзүү боюнча сунуштаганбыз. Коомчулукта 386 миллион доллар эмнеге жумшалганы боюнча маселе жаралып жатат. Парламент баа бериши керек", - деди Өмүрбекова.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов дагы бул сунушту колдоду.
Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштер жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.