Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусу каралат.
Аталган корутундуну Жогорку Кеңештин депутаттары 10-майда карай баштаган. Ал күнү айтылган маселе, суроо-жоопторду төмөнкү шилтемеден окуй аласыз.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.