Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Бишкек ЖЭБдеги кырдаал талкууланып жатат. Жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов баяндама жасады.
Анын баяндамасынан кийин комитет төрагасы Кожобек Рыспаев ЖЭБдеги кырдаал боюнча ошол учурдагы башкы инженер Нургазы Курманбеков эмне үчүн жоопко тартылбаганын сынга алды. "Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ЖЭБдеги жаңылоо боюнча маселелер жаралган болсо убагында жооп бериши керек эле. Андан сырткары, менин таң калганым функционалдык милдет боюнча болуп жатат. Ошол учурдагы башкы инженер эмнеге жоопко тартылган жок? Биз бул маселеге улам-улам кайрылууну токтотпойбуз. Күнөөлүү адамдар жоопко тартылуусу керек", - деди Кожобеков.
ЖЭБдин жетекчиси Андрей Воропаев Нургазы Курманбеков кызмат ордунан алынганын билдирди.
Айта кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн.