Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБдеги авария боюнча маселе каралууда. Жыйында депутат Рыскелди Момбеков бишкектиктердин жүрөгүн жылытуу үчүн күнөөлүүлөрдү токтоосуз кызматтан кетирүүнү сунуштады.
"Күн жылыды, бирок үшүгөн бишкектиктердин жүрөгү жылыган жок. Күн чыкты, бирок буулуккан буктар чыккан жок. Кандай гана аба ырайынын катаал шарты болбосун - бул жаратылыш кырсыгы. ЖЭБдеги кырсык бул жаратылыштын кесепетинен болду. Бул бизде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да болду. Түркмөнстан газсыз калды, Казакстанды гана эмес, Орто-Азиянын баарын аба ырайынын катаал шарты каптады. Бирок элдерге азыр эки гана нерсе керек. Кемчилик кетирген адамдар кетиш керек. Жабыркагандарды компенсациялоо маселесин чечиш керек. Сиздин арт жагыңызда үшүбөгөн Бишкек ЖЭБинин жигити отурат. Ар намысы бар адам арызын жазып кетип калат болчу. Кырсыктан кынтык издебеш керек, бирок күнөөлүү адамдар бар. Сиздин эркиңиз жетпесе биз токтомго киргизели. Кетириш керек! Бир миллион бишкектиктерди тоңдуруп коюп ушул жерде ким эмне деп суроо берет экен деп элеңдеп отурат. Энергетика тармагы ээрге мингенде кыйшык минген. Энергетика министрлигин кайра алып келбесек абалды чече албайбыз", - деди Момбеков.
Өкмөт башчы Сапар Исаков иликтөө иштеринин арты менен бардык күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты.
"Электр станциялар" ишканасынын жана ЖЭБдин башчысы кетет. Ушундай кырдаал болуп жатат, шарт түзүп берели. Иштерди бүтүрсүн, иликтөө иштери жүрүп жатат. Андан соң бүт баары ачыкталат. Ким кайда, эмне жумуштарды жасаганы аныкталат. Тиешелүү чараларды көрөбүз. Мен өзүм араң турам. Аябай катуу чарага баргым келип жатат. Бирок ушундай учурларда иликтөө бүтүшүн күтүп сабыр кылыш керек", - деди Исаков.