Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого бөлүнгөн 386 миллион доллар насыя эмне себептен тендерсиз, шашылыш чечим кабыл алынганын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери Бишкек ЖЭБ жаңыланбай, оор абалда турган. Ошол учурда ЖЭБди жаңылоо боюнча өкмөт "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна тапшырма берген. Анын негизинде компаниялар менен сүйлөшүүлөр башталган. Буга көп компаниялар кызыкдар болуп келишкен. Бирок алар накталай акча сурашкан. Ал эми "Электр станциялар" ишканасында акча жок болчу. Анткени бул ишкана өзү чыгым менен иштеп турган. Ошондо өкмөт ЖЭБде азыркыдан да жаман авария болуп кетпесин деп, насыясы менен компания тапкыла деген тапшырма койгон. "Электр станциялар" ишканасы 2-3 компания менен сүйлөшүп, "ТВЕА'га" токтолгон. Андан кийин сүйлөшүүлөр башталып, техникалык параметрлер айтылган.
Башында "ТВЕА" 396 миллион доллар сунуш кылган. Андан соң өкмөт мекемелер аралык комиссия түзүп, баасын 386 миллион долларга түшүргөн. Ошол убакта Кытай башчысы Кыргыз өлкөсүндө өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына келмек болуп, бул долбоорду шашылыш бүтүрүү зарыл болгон. Анткени бул ШКУнун алкагындагы насыяга кириш керек болчу. Мына ушул себептер менен долбоор тендерсиз, шашылыш кабыл алынган", - деди Артыкбаев.
Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштер жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.