Сапар Исаков: "ЖЭБдин жетекчилери эмне айтпасын, эми алардын бир да сөзүнө ишенбейм"

Бишкек Жылуулук электр борборунда кырсык болгон учурда кошумча пландар болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы авариялык кырдаалга байланыштуу ЖЭБдин тегерегиндеги бардык кырдаал дыкат иликтене турганын айтты.

"Мен адис эмесмин. Бирок ЖЭБде бир нерсени байкаган жокмун. Ачык айтайын, авариялык кырдаал болгондо план "Б. В. Г" болушу керек эле. Ошол пландарды көргөн жокмун. Ал суроолор турат, кошумча инструкцияларды карап чыгыш керек. Балким, инструкциялар аткарылган жок. Ошонун баарын комиссия иликтеп чыгышы керек. Антпесе болбойт", - деди Исаков.

"ЖЭБдин жетекчилери эмне айтпасын, эми алардын бир да сөзүнө ишенбейм. Тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүшүүдө", - деп кошумчалады премьер-министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2018-01-31 14:05:35
Туура айтат Сапар, даярдыктар кандай десе жетекчилер шеф баары жакшы деп койгон да. Эми эми весь Кыргызстандын алдында подвайт этишти. Мындан нары оз козомолуно алып ремонтко деп коротулган миллиондорду да изилдеш керек
+12
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-31 14:10:42
Ооба да кантип ишенсин жегендерин билди башкасын да билди ишинизге ийгилик Сапар аке
+5
KGstan1981
2018-01-31 14:11:07
Пр.Министр кичине озунун унунун темпин жогорлотуп.Кол астында иштегендерге каттуу,каттуу суйлоп талаптарды койсо жакшы болмок эле.Пр.министрде кичине сур болуш керек.Болбосо булар пр.министердин башына чыгып алышып жалган маалыматтарды далай далай беришет.
+1
kechirmeni
2018-01-31 14:35:07
Бир чети сууктун болгону деле жакшы болгон экен болбосо миллиондордун дайыны чыкпай кымырылып кете бермек экен
+5
ruslanz
2018-01-31 14:58:24
Суук болсо энергетикады корруп-лар чыгып калды, самолет куласа ал жактагысы. Болгон жакта бардак
+1
madina.87
2018-01-31 22:24:24
Алла Таалам ушинтип эле коргозуп коёт жепжутар коррупционерлерге.
Айла таппай жатышкандыр тешип чыккырлар!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан