Сапар Исаков: "Эмне үчүн жаңыланган от казандары дароо ишке киргизилбегени боюнча менде да суроо туулуп жатат"

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралып жатат.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Бишкек ЖЭБинде жаңыланган от казандары эмне үчүн иштебей турганын сурады.

Премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБдеги түтүктөр жарылып жатканда жаңыланган от казандары ишке киргенин айтты. "Эмне үчүн дароо жаңыланган от казандары кошулбаганы боюнча менде да суроо туулуп жатат. Бул тууралуу иликтөөдө белгилүү болот. Көз карандысыз эксперттер айтып бериши керек. Биз адис эмеспиз. Жаңы от казандарын иштеткенде дароо иштеп кеткен", - деди өкмөт башчы.

Депутат: "386 миллион доллар жаңылоо ишине толук жеткен жокпу?" - деп сурады.

Сапар Исаков жаңылоого аталган суммадагы каражат жеткени боюнча баяндама укканын айтты.

Ошондой эле өкмөт түзүлгөн кырдаал боюнча бирөөнү күнөөлөй албай турганын билдирди. "Азырынча бирөөнү күнөөлөгөн болбойт. Тиешелүү органдар изилдеп, жыйынтык чыгарышы керек. 386 миллион доллар жөнүндө карап чыгуу керек", - деди Исаков.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

29-январда өткөн брифингде Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нургазы Жээнбеков жаңыланган от казанын кошуу боюнча өзү чечим кабыл алса боло турганын айткан. Бирок ал эмне үчүн жаңыланган от казанын кошконго уруксат бербегени боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бере алган жок.

“Улуттук электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев: "Жаңыланган от казандарын кошуу үчүн 10 саат талап кылынмак, ошондуктан кошулган эмес. Эскилер үчүн 3 гана саат талап кылынат", - деп журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан