КСДП: "Сапар Исаков Кытайга 46 же 16 жолу эмес, 4 эле жолу барган"

КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Кытайга болгон өзүнүн иш сапарлары тууралуу айтып берди.

КСДПнын маалыматы боюнча, акыркы 6 жыл ичинде Исаков Кытайга иш сапары боюнча 4 жолу барган. "2012-жылы Пекин шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине барган. Кийинки жолу 2014-жылы мамлекеттик иш сапарынын алкагында барган. Үчүнчү жолу 2016-жылы Пекинге экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барган. Ал эми төртүнчү жолу 2017-жылы президенттин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында барган", - деп айтылат маалыматта.

"Ошентип мен Кытайга ЖЭБ маселеси боюнча бир да жолу барган эмесмин. Депутаттар кимдир-бирөөлөрдөн туура эмес маалымат алып, элди адаштырууда", - деп партия Исаковдун сөзүн келтирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан