"Бишкек Жылуулук электр борборунда туугандар ишке орношуп калып калган", - деген пикирин бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу ("Өнүгүү-Прогресс") билдирди.
"Биз ЖЭБге барып абалды жеринде көрүп келдик, адистер менен сүйлөштүк. 1960-жылдардагы жабдуулар бар экен. Бул маселени комплекстүү караш керек. Жылуулук электр борборунда кадрдык баш аламандык бар. Ишканада туугандар ишке орношуп калган", - деди депутат.
КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов да Бишкек ЖЭБинде кадр саясаты начар экенин баса белгиледи.