Эртең Бишкек шаардык кеңештин депутаттары экологиялык коопсуздук маселесин талкуулайт

Эртең, 6-февралда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда шаардык кеңештин катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибине 12 маселе киргизилген. Анда шаардын түштүк аймагындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объектилерди кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү каралат. Ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат угулат. Андан сырткары шаарды каптаган кара түтүнгө байланыштуу маселе талкууланат.

Буга чейин Бишкек шаарынын тургундары абаны коюу түтүн каптап жатканын айтышып, тиешелүү жактарга кайрылышкан. Ошондой эле аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, анда абанын булганышына унаалардын эскилиги негизги себептердин бири экени айтылган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан