Бүгүн, 16-мартта саат 10:00гө карата Бишкекте "Ош базарынын" айланасында жогорку көрсөткүчтөгү булганган аба байкалууда. Бул тууралуу маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Бишкектин 6 жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда сутка ичинде орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги учурдагы көрсөткүч - 46 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 56)
Ак-Өргөө конушунда - 34 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 60)
Көк-Жар кичи району - 32 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 55)
7-кичи район - 31 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 43)
Чыгыш-5 кичи району - 30 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 55)
Абдраев-Кайназарова көчөлөрүнүн кесилиши - 29 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 45).
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.