"Модернизациялоого 386 миллион доллар жумшалган Бишкек ЖЭБге Кытайдан алынган жабдыктардын баары бажы жана башка салыктардын баарынан бошотулган", - деди Бишкек ЖЭБиндеги модернизациялоо боюнча топтун директору Темирлан Биримкулов.
Бул тууралуу ал бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин ЖЭБдеги авария жана ага жумшалган каражат боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди. Депутат Акылбек Жамангулов Кытайдан алынган жабдыктардан өлкөгө канча салык, бажы алымдары түшкөнүнө кызыкты. Ага Биримкулов жооп берди.
"Бардык келген жабдыктар салык, бажы төлөмдөрдөн бошотулган. Келишим боюнча курулуш учурунда Кыргыз компаниялары менен келишим түзүп жумушчулар иш алып барышкан", - деди Биримкулов.
Биримкуловдун маалыматына караганда, ЖЭБдин курулушунда 600 Кыргыз жараны иштеген.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.