Мадумаров Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн комиссия тууралуу: "Депутаттык комиссия эч убакта аягына чыккан эмес"

Бүгүн, 6-февралда саясатчы Адахан Мадумаров Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу маалымат жыйында пикирин билдирди.

"Бишкек ЖЭБинде авария болуп, оор кырдаал болду. Бирок нааразычылык билдирген элди көргөн жокмун. Алар "менин үйүмө тийбесе болду" деген пикирде. Депутаттык комиссия түзүлдү. Бизде комиссия иштин аягына чыкпайт. Боинг кырсыгы, Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберген боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыккан жок. Депутаттык эмес, мамлекеттик комиссия түзүү зарыл. 386 миллион доллар эбегейсиз чоң суммадагы акча. Орусияда 200 миллион долларга жетпеген каражатка аэропорт жаңыланган. Биздин өлкөдө 386 миллион долларга 4 от казанын алмаштырабыз. Бишкек ЖЭБиндеги болгон окуя бүтүндөй коррупциялашкан системди көрсөттү. Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында 400 мегаваттык ЖЭБди 349 миллион долларга курган", - деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Анда жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштер жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dalil
2018-02-06 15:12:39
Туура айтат. Атамбай коррупцияны тамырын кыркпай эле коррупциянын тамырына жер семирткич салып кетти. Бизде коррупция аябай гүлдөгөн. Жөлөкпул алуу үчүн пара бербесең өтпөйт, окуу жайлардын мекеме ишканалардын бюджетине бөлүнгөн акча "долясын" бербесе которулбайт, иштеп карьера курам десең берчүүсүн бербесең көтөрүлбөйсүн, алар менен кошо паракор болбосоң көпкө иштей албайсын санай берсең өтө көп. Мындай суук болбосо ТЭЦтеги коррупция да көрүнбөй кала бермек.
+7
Eksvp_1
2018-02-06 15:20:04
Мадумаров эмне үчүн Каркыраны Бакиев экөөң казактарга өткөрүп бердиңер?
-9
Rustam25
2018-02-06 15:33:04
Eksvp_1,Азыркы алынып жаткан кридиттерди бизге ме ал депле куроосуз берип жатат дейсинби? убагы келип толой албай калсак каркыраданда кооз жерлерибиз кетиши мумкун, алыпле атат карызды кантип толошту ойлонду бекен, эмне учун Бакиев менен Мадумаров экоосун айтасын сатылып жатканда башка эчким болпоптурбу?
+5
Eksvp_1
2018-02-06 17:28:18
Rustam25,Казака Кыргыздын карызы бар беле? Мадумаровту сен коргобо
-6
jbolotov
2018-02-06 15:49:52
Атамбаев бийлике таасир берип турганда бул иш аягына чыкбайт. Коррупция президентке чейин жеткен болсо керек.
+1
KAYRATBEK
2018-02-06 17:14:56
"""МЕН МАКУЛ ЭМЕСМИН""" акциясына катышкыла туугандарым суранам. Конул кош болбойлу. Мамлекеттин келечеги биздин колубузда. Эч качан унутпайлы.
+6
Cleo-13
2018-02-06 17:43:20
Ушу Кишиге да бир мумкунчулук бериш керек
+5
gulmi
2018-02-06 18:15:46
Кана коррупция менен курош?????????Нариман Тюлеевди канча моллион сом учун деп соттошту.Райым МИЛЛИАРДЫ,Жанторо Сатыбалдиевди,ТЭЦтен миллиондогон акчаны жегендерди корбой эмне кылып журушот.Тажатышты!Тышкы карыз 4,5 МИЛЛИАРД БОЛДУ.АЛ АКЧАЛАР ЭМНЕГЕ ЖУМШАЛДЫ?ТЭЦ азыркы бийликтин абалын ачыктады?386 миллионго жаны тэц курса болмок.
+5
jbolotov
2018-02-06 20:24:49
gulmi, Озгочо Жанторо Сатыбалдиевке окшогондорду жоопккрчилике тартыш керек!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан