Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча маалыматтар 21-февралдан тартып айтыла баштады. Парламенттик "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров бул тууралуу SUPER.KG`ге оюн айтып берди.
"Мен Дамирбек Асылбек уулун көп жылдан бери спортчу катары тааныйм. Анын кош жарандуулугу тууралуу маалыматтар кайсы бир так көрсөтүлбөгөн булактарга шилтеме берүү аркылуу айтылып жатат. Менимче, баары тергөө учурунда белгилүү болот", - деди депутат.
Таалайбек Масабиров расмий органдардын Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар же жок экенин тастыктаганы боюнча маалыматын уга электигин айтты.
"Мен расмий органдардын маалыматын уга элекмин. Анын кош жарандуулугу боюнча бизде эч кандай маалымат жок", - деди Масабиров.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.