Казакстандын Алматы шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун жана аны менен бирге кармалгандардын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дамирбек Асылбек уулу, Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадиловдун жактоочулары прокурорлор койгон айыптар менен макул эместигин айтып, ишти тергөө үчүн кармалгандарды жана бардык материалдарды Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берүү боюнча чечим чыгарууну соттон суранышкан.
“Айыпталуучуларга аткезчилик жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү боюнча айып тагылууда. Эгер бул чындык болсо, анда кылмыш иши Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чек арасында жасалышы мүмкүн. Андыктан бул иш жалгыз эле Казакстанга тийиштүү эмес. Ошон үчүн бардык материалдарды Кыргыз өлкөсүнө жиберүү керек, анткени Кыргыз өлкөсүндө бул иштин алкагында бир дагы тергөө иштери жүргүзүлгөн жок”, - деген жактоочулар.
Сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок жана кийинки отурумду 2-ноябрга саат 10:00гө дайындады.
19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан. Буга байланыштуу иликтөөлөрдүн натыйжасында Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.