Казакстанда Дамирбек Асылбек уулуна байланышы бар делинип уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалды

Казакстандын Алматы шаарынын полициясы Дамирбек Асылбек уулуна байланышы бар деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун башчысын кармады. Бул тууралуу Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары айтып чыгышты.

Маалыматка ылайык, миллионер, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Есбол Жапбасов Казакстандын аймагында кармалган Дамирбек Асылбек уулуна байланышы бар деп колго түшүрүлгөн. Есбол Жапбасов Кордайдын Кыргыз өлкөсү менен чектешкен аймагында көп жыл аткезчилик менен алектенген.

Жапбасовду тинтүүгө алган учурда унаасынан тапанча, үйүнөн Калашников автоматы ок дарылары менен табылган.

Ошондой эле маалыматта Жапбасовдун миллионер экендиги, Казакстанда бир нече хан сарайы, Бишкекте да үйү бар экени, Камчы Көлбаев менен да байланышы болгондугу айтылат.

Эске салсак, 19-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажы тармагындагы мыйзамсыз иштерди токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Анын алкагында шектүү 35 адам кармалып, алардын үчөө Кыргыз жарандары болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.

Казакстанда Дамирбек Асылбек уулуна байланышы бар делинип уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aksy94
2018-04-03 16:07:12
Ушул депутатты же нары же бери кылбадыда
+8
jbolotov
2018-04-03 16:56:23
Азыркы Жогорку Кенештин аты эле жогорку кенеш, чынында жогорку зыянкечтер, бизнесмендер дейин десен бизнеси мамлекетке пайда алып келиш керек, а булардыкы жалан мамлекетке зыян ишканалар, баары импортко негизделген. Мекенчил эч ким жок.
+5
ekaterinburg
2018-04-03 17:30:12
Эркекче айтканда депутаттардын жарымынан кобу ХХХХХХ ХХХХХ
+1
admin_media
2018-04-03 18:02:41
ekaterinburg, далилсиз маалымат жазууга тыюу салынган.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан