Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Максат Сабиров Казакстанда соттолгон Кыргыз мамлекетинин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу тууралуу маселе көтөрдү.
"Эл аралык келишимдер кандай аткарылып жатканы Дамирбек Асылбек уулунун сотунда билинип калды. Сотто Кыргыз мамлекетинин бир дагы келишими аткарылган жок. Бир тараптан барган декларацияларды жасалма деп чыгышты. Кыргыз өлкөсүнүн Бажы кызматы бир өкүлүн жиберип, декларациялар жасалма эмес деп үн катышса болмок. Бул боюнча өкмөт, Бажы кызматы дагы үн катпай отурушту. Эч ким унчукпай Кыргыз жарандарын, депутатты кошуп туруп 10 жылга соттоп жатат. Биздин мамлекеттин кызыкчылыгын караган аракеттер болгон жок. Бүгүнкү күндө кайдагы келишимдерди ратификациялап жатабыз. Башка мамлекеттер келишимдердин эч бирөөсүн аткарбайт. Биз болсо дайыма аткарып жатабыз", - деди Сабиров.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу максатында атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны да болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип колго түшүшкөн.
Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, өткөн жылдын 16-апрелинде депутаттык мандатынан ажыратылган.