Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралууда.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов өкмөт Бишкек ЖЭБдеги авариядан шаар тургундарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүсү керектигин айтты. "Бул күндөрү авариядан жабыр тарткан шаар тургундары келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү жылуулукту албай калганын, алар сотко берсе ЖЭБ банкротко учурайт. Ошондуктан келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берүү зарыл", - дейт депутат.
Премьер-министр Сапар Исаков эл өкүлдөрүн шаар тургундарына келтирилген чыгымдарды иликтеп чыга тургандарын билдирди.