Сырттан алынып жаткан насыя-гранттар боюнча текшерүүнү күчөтүш керек. Мындай сунушту бүгүн, 13-июнда парламент жыйынында депутат Айсулуу Мамашова айтты.
"ЖЭБде авария болбосо ал жерди текшербейт элеңер. Өлкөгө насыя-гранттар өтө көп келүүдө. Текшерүүлөр качан жүргүзүлөт?" - деп сурады депутат.
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: "Каражатка байланыштуу чоң долбоорлорду карап жатканда Жогорку Кеңешке кошо бизге да маалымат жиберсе туура болот эле. Биз да маалыматтарды тактамакпыз. Бааларды, каражаттарды сарптоону иликтейт элек. Талдоо жүргүзгөнгө бизге жиберсе биз да өз баабызды беребиз. Карап бергенге даярбыз. Сиздерге насыя-гранттар ратификацияга берилгенде бизге да маалымат жөнөтүлсө, сөзсүз карап чыгабыз", - деди Марипов.
Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2017-жылы аткарган иши тууралуу мекеменин төрагасы Улукбек Мариповдун отчётун "канааттандырарлык" деп тапты.