Бүгүн, 15-мартта маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңылоо үчүн алынган буюмдар боюнча мурда эмнеге үн катпай келгенин айтып берди.
"Каражаттар маселесин "Электр станциялары" ишканасы чечет. Биз техникалык жагына жооп беребиз. Мурда катачылык жөнүндө айтпагынымдын себеби жетекчилик "модернизациялоо иштерине терс таасир берип, көлөкө түшүрөсүң" дегенинен унчукпай келгем. Каражаттардын колдонулушу боюнча документтерди мен жакында эле колума алдым. Мурда каражаттар кандай багытта колдонулганын билген эмесмин", - дейт Өмүркул уулу.
Айта кетсек, Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айткан.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов билдирген. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экенин кабарлаган. Ишкананын маалыматына караганда, ар бир видеобайкоочу камера 300 доллар турат, 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт.
26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.