Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экенин көрсөттү" деп SUPER.KG порталына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Рыспаев өз сөзүндө: "КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз", - деп айткан.
Сөз жүзүндө ал Бишкек ЖЭБинде болгон кынтык иштерге абдан каршы чыгууда. Бирок көпчүлүк "авариянын башкы күнөөкөрү" деп атаган Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулун ачык эле колдоодо деген туруктуу пикир жаралды. Муну ал четке какпайт жана Нурлан Өмүркул уулун дал ушул кызматка өзү "сунуштаган".
Ошондой эле авария болгондон кийин да экс-башчынын "башынан бир тал чач түшпөгөнүн" баарыбыз көрүп турабыз. Сурак берүүнүн ордуна Нурлан Өмүркул уулу ар дайым Жогорку Кеӊештин пленардык жыйыны жана Кожобек Рыспаев жетекчилик кылган профилдүү комитеттин жыйындарына чакырылууда. А чынында дал ушул мурдагы башчы ЖЭБди модернизациялоодон кийин негизги каражаттарды, анын ичинде жек көрүндү болгон айтылуу аттиштерди дагы ишкананын эсебине кабыл алуу буйругун эсепчилерге (бухгалтерияга) берген", - деди КСДПнын өкүлү.
Айта кетсек, 29-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев КСДПнын тизмесинен чыгарылды деп партия билдирүү тараткан. Рыспаев өзүнүн партиядан чыгарылганына анын мүчөлөрүн колдобой койгону себеп болду деген оюн айткан.