"Улуттук энергетикалык холдинг": "Айбек Калиевдин эжелери, карындашы ага түз баш ийбейт"

Интернет айдыңында Бишкек Жылуулук электр борборунун жана "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчилери бир нече туугандарын жумушка алгандыгы тууралуу маалымат кызуу талкуу жаратууда.

Талкууланып жаткан маалымат боюнча SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингдин" өкүлү Аман Калыбеков жообун берди.

"Эмгек кодексинин 68-беренесинде көрсөтүлгөн: эгер ата-энеси, аялы, баласы же бир тууганы жана башка жакын туугандары бир мекемеде иштеп, бири-бирине түздөн-түз баш ийе турган болсо, анда мыйзам буга бөгөт коёт.

Интернетте "Айбек Калиевдин туугандары Энергетикалык холдингде иштейт" деген маалымат туура эмес. Калиевге түз баш ийген, анын түздөн-түз көзөмөлүндө болгон туугандары иштебейт. Ал эми интернетте айтылып жаткан адамдар Калиев башкарган ишканада эмес жана алар 10 жылдап иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер", - деди Калыбеков.

Айта кетсек, интернетте тараган маалыматтарга ылайык, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиевдин туугандары төмөнкү кызматтарда иштейт. Алар:

А.Тургумбаева - кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, Калиевдин эжеси;

А.Жокеева - ЖЭБдеги кадр бөлүмүнүн жетекчиси, Калиевдин эжеси;

Наина - кадрлар инженери, Калиевдин карындашы;

Элмира - "Электр станциялары" ишканасында эсепчи, Калиевдин кудагыйы.

Буга чейин Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу анын да туугандары ЖЭБде иштей тургандыгын ырастаган. "Мен ал жакка жумушка киргенге чейин эле туугандарым иштеп келишкен. Калыс Жаманкулов, Данияр Жаманкулов жана Асел Жаманкулова - бир туугандарым. Ал эми Нурбек Жаманкулов, Мирбек Жаманкулов, Адилет Жаманкулов менен эки бир туугандын балдарыбыз. Мен жетекчиликке келгенде туугандарымдын биринин деле кызматы жогорулаган жок. Мурдагы эле ордуларында иштеп жатышат. Учурда деле ал жакта иштешет", - деген Өмүркул уулу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nursultanbek
2018-03-26 20:03:16
уят деле калбаптыр бул Окмотто!!!!!соз айтып нерв короткум келбей калды!!
+4
Sveta23
2018-03-26 21:31:43
ушинтип сасып атасыңар да башыңардан
+3
NURSAPAR
2018-03-27 08:24:31
Эми эки бир тууганынан кечеби... Кой ээээ тууган баары бир тууган. Кол ийрисине тартат кылышат. Актанбай эле койгула
+1
Makain
2018-03-27 08:52:52
Баарын камаш керек ушул убакытка чейин Далай жеп келгенда
+2
timoha81
2018-03-27 15:10:50
Бизге Мирзюуевдей президент керек анан камайт буларга окшогондорду,жарым жыл болду 35 корупциенерден дагы деле кабар жокко
0
jbolotov
2018-03-27 18:46:28
Энерго жагын Калиевтер оз менчигиндей тейлеп калышыптырда, бири отдел кадр, бири бухгалтер бири болум жетекчиси. Качанга чейин чыдап отурабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан