Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу дарылануу үчүн башка бөлүмгө которулду

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дарылануу үчүн медициналык бөлүмгө которулду. Бул тууралуу 6-мартта Кыргыз мамлекетинин Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин Казакстанда камакта жаткан Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо кармалган эки Кыргыз жаранынын укуктарынын сакталышы жөнүндөгү катына Казакстандын акыйкатчысы Аскар Шакиров өз жообун жөнөттү.

"Кармалган жарандар Алматы шаарындагы Жазаларды аткаруу департаментинин ЛА-155/1 жайында экени кабарланды. Казак прокуратурасынын өкүлдөрү медициналык документтерди карап, өнөкөт панкреатит дартынан улам Дамирбек Асылбек уулунун медициналык бөлүмгө которулганын билдиришкен. Ошондой эле тергөө абагында бардык шарттар аткарылгандыгы жана эч кандай адам укуктары бузулбагандыгы айтылды", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
didu
2018-03-06 20:21:15
депутаттар баары камалганда оорушат, карапайым эл турмодо олот, ооруп калыптыр дешип уйуно учуруп жиберишет
+19
jbolotov
2018-03-06 20:52:03
Мамлекеттин абройун тушургон ушундай адамдардын депутаттык мандатын дароо алыш керек эледа. Эми Казак прокуратурасы Кыргыз ЖК депуттатарын тоготбогондой болсо мамилелер сууйт ушундай кылмышкердин айынан.
+12
almanbetperm
2018-03-06 20:57:45
БШКга кайрылуу жибериш керек болуп калды,депутаттыка койуп жатканда,анан депутат болгондон кийин ар 6 ай сайын мед комиссиядан ото турган кылып. Бизге касалман,оорукчан жеп жутарлардын кереги жокда.
+17
almanbetperm
2018-03-06 20:58:38
Бир нерсе болсо эле ооруй калышат
+10
almanbetperm
2018-03-06 21:00:05
Коооп нерсе айткым келет. Баары батпайтда.супер ограничить этип койгон 500 эле тамга деп
+12
Azatbek83
2018-03-06 21:38:51
Ошондо Ак Үйдөгү депутаттар баары оорукчан касал адамдарбы?! Былгытып койуп ооруп калышат! Анда түшүнүктүү эгерде баардык чоңдорду чукуласа баары касал болуп больницага жатышып алабы аша баш болуп? Уят эле пазор больнойлор оорукчан болсоңор креслодон баш тарткыла уурулук менен ооруйбуз деп! Ууру өлгөнчө карганат болуптур да!
+5
BoyUlanboy
2018-03-06 21:50:38
Булардын шылтоосу ушулда дароо эле ооруй калышат. Казакстанда кутулуш оор ал жак Кыргызстан эмесда акча берип же тааныш таба койгудай оз жазасын алышсын
+7
Dalil
2018-03-06 22:49:06
Адвокаты күчтүү болсо бирде өзү бирде баласы адвокаты ооруп сотту жылдыра беришет. Соттолгондо ооруп жүрүп акталып кайра бийлике келгенде сопсоо боло калышат. Соцтармактардын биринде аялдар колониясында отурган аялдардан интервью алышыптыр. 4 баласы бар келин кичине баласы 2 жашка чыга элегине карабай камалыптыр. А Саляновага баласы 14кө чыкканда жаза мөөнөтүн өтөйт деп чечим чыкты. Эмне бизде ак сөөктөргө башка мыйзам барбы? Карапайым калкты баласы эмес өзү ооруса да сот процессин жылдырбайт.
+9
yasin11
2018-03-06 23:05:54
Биздикилер камалбаса ооругандарын билишбейт бекендер е
+4
Boika1986
2018-03-06 23:46:56
Оппана башталды башы оорумай ХХХХ оорумай ХХХХ ХХХХ
+4
futboler
2018-03-07 00:02:22
Оо кудайым, бизге качан соо, ден соолугу чың башчы-жетекчилер насип кылаар экен
+4
rysik79
2018-03-07 00:18:02
Кочту кыскан бай болот, кочтун ичи май болот. Ак болсон акталып келип ал. Болбосо жазанды ал..
+1
gulya583
2018-03-07 01:55:14
Шоу гала концерт башталды
0
Ak_Bulut
2018-03-07 07:19:28
Кармалганда панкреатит,
Кармалбаганда панкратион
+2
RusMos76
2018-03-07 10:57:39
Акча жеп жатканда оорулары билинбейт, тамагына да тыгылбайт коррупционерлердин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан