2 паспорту бар депутат Дамирбек Асылбек уулун Казакстан өз мыйзамдарына ылайык жазалай алат

Контрабандага шектелип Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экенин ТИМ тастыктады. Бул факт жагдайды кыйындатары күтүлүүдө. Анткени кылмышка шектелип жаткан Жогорку Кеӊештин депутатын эми Казакстан өзүнүн мыйзамдарына таянып соттой алат.

Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар туруп 2015-жылкы парламенттик шайлоодо кантип партиянын тизмесине киргизилгени, буга тийиштүү органдардын жоопкерчилиги боюнча суроо көтөрүлөт. Анткени мыйзамга ылайык, Кыргыз жеринде кош жарандыгы бар адамдын парламентке депутат болушу мүмкүн эмес. Депутаттын окуясы Кыргыз жеринде башка кылмыш ишинин башы болушу ыктымал.

Казакстанда кармалган Кыргыз депутатынын кош жарандыгы ачыкталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан