УКМК өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди суракка алды

УКМК өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди суракка алды. Бул тууралуу 26-мартта SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Момуналиев 22-мартта сурак берген. "Ал "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери Бишкек ЖЭБди оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн ири суммадагы каражаттарды максатсыз короткондугу жана уурулук фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде сурак берген. ЖЭБдеги оңдоо иштерин жүргүзүүгө келишим түзгөн "АйМар Энержи" ишканасына ээлик кылгандардын бири Момуналиевдин жакын туугандары болгон", - деп билдирди УКМК.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эске салсак, 12-мартта премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүк аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотууну президентке сунуштаган. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан