"ЖЭБ боюнча мага президенттин тапшырмасы келген. Анда Исаковдун колу бар экен", - деди бүгүн, 10-майда парламентте ЖЭБ маселеси талкууланып жатканда мурунку энергетика министри, учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев.
Ал депутат Карамат Орозованын президенттен келген документ боюнча берген суроосуна жооп берди.
“Бул маселе өтө маанилүү. Мен өзүм кол койгон документтерге жооп берүүгө даярмын. Бул долбоор менен министр болуп келгенде иштей баштагам. Мага чейин иш башталып, даяр болуп калыптыр. Мен келгенде орун басарым Аскарбек Шадиевдин карамагында экен. Мага президенттин тапшырмасы келген. Анда Исаковдун колу бар экен”, - деп айтты Артыкбаев.
Андан соң Орозова Артыкбаев тапшырманы гана аткарганын айтып, анын тиешеси жок экенин билдирди. Кийин Орозова ошол учурда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган Сапар Исаковдон “эмнеге сиз президенттин атынан кат жолдодуңуз?” деп сурады.
Исаков Орозовага: “Президент бул маселени кароону сунуштайм деп жөнөткөн. Азыр Исхак Масалиев туура эмес маалымат берди. Ал элди алдабасын. Биз тигил же бул компанияны таңуулаган эмеспиз. Биз президентке маалымат гана бергенбиз. Ал болсо ишти кароону сунуштайм деп жатат. Алмазбек Атамбаев тапшырма берген эмес да”, - деп жооп берди.
“Эмнеге өкмөткө эмес, министрге жибергенсиздер?” - деп сурады Орозова. Ал бул суроосуна Исаковдон так жооп ала алган жок.
Анын ордуна Артыкбаев: “Каттын негизинде чогулуш болгон. Ар бир жетекчи пикирин айткан. Авазов, Калиев пикир билдирген. Президент жөнөткөн документ - карап чыгып, оюн айтсын деген кат болгон", - деп жооп берди.