Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Бакиров Бишкек ЖЭБи үчүн жергиликтүү ишканалар өндүргөн көмүрдү сатып алууну сунуш кылды.
Ал көмүрдү сатып алууга кеткен акча каражаттар жергиликтүү ишканалардын капчыгында калышы керектигин белгиледи.
“Жылына Бишкек ЖЭБине 1 миллион тоннага жакын көмүр алынат. Анын 70 пайызын Казакстандан сатып алганыбыз үчүн акча каражаттар башка өлкөгө чыгып кетип жатат. Ошон үчүн ЖЭБге жергиликтүү ишканалар өндүргөн көмүрдү сатып алуу керек. Бизде көмүрдүн запасы жетишерлик”, - деди Бакиров.