Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин депутаттары саат 11:00дөн тартып өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу маселени талкуулап жатат.
Жыйында депутат Дастан Бекешев (КСДП) суроолор ЖЭБден тышкары өтүп кеткенин айтып, ар бир фракциядан экиден депутат суроо берип, калган эл өкүлдөрүнүн суроо берүүсүнө чектөө киргизүү боюнча сунуш берди. Ага анын фракциялашы Рыскелди Момбеков жооп кайтарды.
"Ай, ушундайыңарды токтотпойсуңарбы, дүжүрлөр! Кошоматыңарды башка жерден айтпайсыңарбы? Алты күн Бишкектин эли үшүп күтүп отурду. Бир күн чыдабай качып жатасыңар. Же өзүңөрдү сыйлабасаңар эле болдубу? Сапар Жумакадырович (Исаков - ред.) бир жакка шашып жатабы же качып жатабы? Ким шаштырып жатат силерди. Шашсаңар баргыла, жылуу бөлмөңөрдө отургула. Элдин баары күтүп жатат, кемчилик кимден кетти, ким кетет экен, кимди ала салат экен, кимди чабат экен деп. Бишкектин баары жылуу төшөктөргө оронуп күтүп отурат. Токтоткула дүжүрлүгүңөрдү!" - деп ачууланды Момбеков.
Дастан Бекешев "дүжүр" деген сөздү Момбековдун өзүнүн дарегине жооп кылды.
"Эми бул жерде "дүжүр" депутаттар жок го. Керек учурда сиз "дүжүр" катары чуркап жүрөсүз, ачыгын айтканда. Анда ЖЭБден тышкары суроо болсо чек коюш керек", - деп жооп кылды Бекешев.
Момбеков Бекешевге жооп кылууга аракет кылды. Бирок төрага ага микрофон берген жок. Ал эми Бекешевдин сунушу эске алынбады.