Бүгүн, 2-апрелде ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болду. Анда депутат Акылбек Жамангулов Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевдин "ар бир камера 300 долларга алынган" деген маалыматын төгүндөп, "600 долларлык кычкач, 14 миң 500 долларлык камералар боюнча туура эмес маалымат берип жатат" деп сындады.
"Бул эми шоу, уят болушу керек да! Депутаттар маселени көтөрдү. Эки жумадан кийин аны төгүндөгөндүн кимге кереги бар? Эмне үчүн убагында комиссияда жооп бере алган жоксуңар? Мен айткым келет, өткөн жылы алынган кычкачтар эмне үчүн пайдаланылбай турат? Азыр "өздөрү эле кечээ комиссияга көргөзүү үчүн барып, базардан эки чемодан кычкач алып келип коюшкан", деген сөздөр болуп жатат. Биз айтпайлы десек, өздөрү ушинтип айтканга мажбурлап жатат.
Видеокамералар 128 эмес, ал жерде 123 даана камера коюлган. Мен өзүм барып кайсы камера кайсы жерге коюлганын көрүп, документтерин алып келдим. Ошондо алар "түнү менен камера коюп чыктык" дешти. Мониторго көрсөтүп бергиле десем, "алар байланышка кошула элек" дешкен. Анын болгону 8 камерасы атайын даярдалган камералар, калганы жөн эле камера. Эми ушунча сөздөн кийин коомчулукка маалыматты бурмалоо туура эмес деп эсептейм", - деди Жамангулов.
Белгилей кетсек, бүгүн ушул эле жыйында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБдеги "14 миң 500 долларга алынган" делген камералар 300 доллардан алынганын айткан.