15-мартта маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңылоо үчүн алынган кычкачтын баасы документтерде 2 даанасы 640 доллар деп көрсөтүлгөнүн айтты.
"Башында каражаттар боюнча маалымат менде жок болчу. Кийин депутаттар "386 миллион доллар каякка кеткенин тактап бергиле" дегенде тактаганбыз. Мага документтер ТВЕА компаниясынан жакында эле келди, ошол документте кычкачтардын 2 даанасы 640 доллар деп көрсөтүлгөн", - дейт Өмүркул уулу.
Айта кетсек, Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айткан.