Нурлан Өмүркул уулу: "2 даанасы 640 доллар деп көрсөтүлгөн чемодандар кычкачтан өзүнчө эсептелип 105 доллардан келген"

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев көрсөтүп жаткан чемодандагы шаймандар тизмеде өзүнчө эсептелип, 105 доллардан келген", - деп бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына ЖЭБдин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

"Булар кайра документтерге өзгөртүү киргизип, жаңы документти түзүп чыгышты. Анда кычкачты, 2 чемодан ачкычтардын топтомун жана резина лентасын бириктирип бир баа кылып көрсөтүшкөн. Тизмеде кычкач деген жок, анын ордуна кечээ көрсөткөн 2 чемодан ачкычтардын топтому жана резина лентасы деп жазылып жүрөт.

ЖЭБдеги аварияны иликтеген комиссиянын жыйынтыгында, мен эски акты менен жаңы кайра түзүп чыгышкан актынын айырмачылыгын көрсөтөм", - деди Өмүркул уулу.

Эске салсак, кечээ, 2-апрелде Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев "600 долларлык кычкач" боюнча түшүндүрмө берген. Анда кычкачтын баасы деп башка шаймандарга коюлган баа көрсөтүлүп калганын, кычкач деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 шайман жана өзүнчө импорттолуп келген резина лентасы болгонун айткан.

 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
s.k.bakyt
2018-04-03 20:45:51
Убагында айтпайсынбы, авария болбосо унчукпай жүрүп пенсияга чыгып кетмек белең?
+9
kurguz...
2018-04-03 20:50:37
Аттиш менен Тишин жулса болбойбу
+9
nur...nur.
2018-04-03 20:53:26
Камагыла баарын жегенин ойной бербей ар докумети корсото берет дача сууга окшоп калып кетет аягына жетпей
+5
nazarKGZ
2018-04-03 21:23:18
эчкимди камабайт камаса эмгиче камайт эле текшербей туруп эле
+8
Kroxa
2018-04-03 21:29:07
Уят деген док экен ушулар кантип 600 долл болот келесоосунарбы ишенбегиле комиссиясы кимдер булардын??эшегине жараша тушагы го..баарын бириккен баасы 105 долл десенер болот
+8
Nursultan.92
2018-04-03 23:01:04
Барибир суудан курук чыгыпсынар
+2
bond02
2018-04-03 23:08:59
ушул кычкач менен курсактан кыпчыганда чындыкты айтышат беле дейм да.
+3
novayariga
2018-04-03 23:42:16
Чооң набор ключ базарда 8000сом турат ичинде кычкач, балка-чотунан бери бар экен. Салыштырып болбойт баасынын айырмасы ат менен төөдөй. Эмне дешти билбей кетесин
+3
bekmaral
2018-04-03 23:52:09
Мунун баарынын башында ашабек тт.30% ошол кишиге кетсе кк.Калиев атамекенден болгондо 11 жылга кетмек.
+3
Kojo1995
2018-04-04 00:08:46
Атaмбаев
+1
Tima0304
2018-04-04 01:31:11
Чуу чыккандан кийин сатып алып келди да
+1
elkeev
2018-04-04 01:35:19
Silerdin aiynardan Bishkek jyluuluksuz kaldy!!!! Aram akcha ХХХХ !!!! Amiin!!!!
+3
Suluu4a
2018-04-04 03:26:14
Ушундай кымбат кычкач менен ТЭЦтин эмнесин ондоштукен?! Тонуп эле калдык го.... Кымбат кычкач алып бутуруп коюшкан го....ушу кычкач менен тиштерин жулуп....Бир жерлерин кымчытып салса эшектердин!!! Алганынар Аш болбой калсын ылайым!!!
+2
surgeon777
2018-04-04 03:38:10
Биринчиден аттиш деп жазгылачы байболгурлар,кычкач десе чок кармаган кычкачты элестетип кетип атам,экинчиден чемодан толтура инструмент болгон кундо да 105$турбайт.
0
cyrus
2018-04-05 00:44:38
Жалганды да бираз жакыныраак кылып айтсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан