Бүгүн, 2-апрелде Бишкек ЖЭБдеги авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Ага комиссия курамына кирген депутаттар, өкмөт мүчөлөрүнөн сырткары мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов, Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова катышууда. Мындан сырткары мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова да чакыртылган, бирок алар келген жок.
Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта КСДП партиясынын курултайынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында ЖЭБдеги аварияга президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт жоопкер экендигин айткан.
Депутаттык комиссиянын буга чейинки жыйындарында ЖЭБди жаңылоо иштерин жүргүзүүгө сметалык долбоордун жок болгону, ага керектелүүчү жабдыктар өтө жогорку баа менен сатып алынганы ачыкка чыккан.