Интернетте Бишкек ЖЭБди жаңылоо үчүн кандай жабдуулар канча сомго алынганы боюнча документтер пайда болду. Бул документти социалдык тармактын колдонуучусу Искен Афиджанов жарыялады.
Анда Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүрбек уулу айткан 600 долларлык кычкач 640 долларга алынганы жазылган. Ал эми вулканизатор 9 миң 500 долларга, үч буттуу түркүк (трехопорная подставка) 350 долларга алынган.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов билдирген. Анын айтымында, сатып алынган 128 камера ЖЭБдеги жаңы салынган блоктун тегерек четине орнотула турган камералар болгон. "Ошол камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан кеткен, жалпысынан 1 миллион 800 миң доллар жумшалган. Бул деген чектен ашкандык. Мисалы, Жогорку Кеңеште орнотулган түз алып берүүчү эң жогорку сапаттагы камералар 3 миң доллардан алынган, ал эми ЖЭБде орнотулган камераларды биз көрдүк, кадимки эле эл колдонгон, баасы 100 доллардын тегерегинде турган камералар", - дейт депутат.
"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экенин кабарлашкан. Ишкананын маалыматына караганда, ар бир видеобайкоочу камера 300 доллар турат, 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт.