Бишкек ЖЭБдеги кырсык. Айбек Калиев кызматтан алынды

Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу бир нече чиновникке карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, премьер-министр Сапар Исаков "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиевди жана "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевди кызматтан алды.

"Мен Айбек Калиевди кызматтан алууну чечтим. Ал "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы катары жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө жооптуу. Мен мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күткөм. Анын жүрүшүндө "Улуттук энергетикалык холдинг" депутаттарга жана коомчулукка ЖЭБди жаңылоо боюнча негизги маселелерди түшүндүрө алган жок", - деди Исаков.

Ошондой эле өкмөт башчы Бишкек ЖЭБинин, "Электр станциялары" ишканасынын жана "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын бир нече кызматкерлерин иштен бошотуу жана айрымдарына катуу сөгүш жарыялоону тапшырды.

Бишкек шаардык ЖЭБ боюнча:

- Мындан мурун Бишкек ЖЭБинин директору Өмүркул уулу Нурлан кызматынан алынган, ошондой эле Бишкек ЖЭБдин жетекчилик курамынын бир катар кызматкерлерин ээлеген кызматынан бошотуу сунушталууда.

"Электр станциялары" ишканасы боюнча:

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Сергей Абдулхаировго катуу сөгүш жарыялансын.

Техникалык директор Алмаз Жусупбеков, гидротехникалык кызматтын башчысы Кубанычбек Манкиев, жылуулук техникалык жабдууларын пайдалануу жана оңдоо кызматынын башчысы Урмат Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулсун.

Белгилүү болгондой, мындан мурда башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматтан бошотулган.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы боюнча:

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысынын орун басары Нурлан Садыковго катуу сөгүш жарыялансын.

Энергетикалык тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар боюнча:

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялансын.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 18:00 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан