"ЖЭБ иши боюнча негизги күбө сотту жана жактоочуларды тоготпой жатат" дейт жактоочу

ЖЭБ соту боюнча өтүп жаткан процесстин негизги күбөлөрүнүн бири Евгений Хафизов соттун чакыруу кагазын алып, бирок келбей койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу Эрнис Сааданбеков билдирди.

Жактоочунун айтымында, аталган күбө сотту жана жактоочуларды тоготпой жатат.

"Өткөн процессте судья Хафизовду күбө катары суракка алуу боюнча жактоочулардын өтүнүчүн кабыл алып, ага соттун чакыруу кагазын жөнөткөн. Евгений Хафизов - "Энергопроект" ишканасынын директору. Ал ЖЭБдеги авария боюнча экономикалык-соттук экспертиза жасаган. Анын жасаган экспертизасынын негизинде, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептешкен. Биз райондук сотто дагы анын соттук процесске чакыртылышына өтүнмө келтиргенбиз. Бирок ал процесске эксперт Евгений Хафизов келген эмес. Эми минтип бүгүнкү отурумга дагы соттун чакыруусун тоготпой, келбей койду. Мен, жеке өзүм 23-январда ага жолугуп, соттун чакыруу кагазын бергем. Ал учурду сүрөткө дагы тартып алгам. Ал мага "келем" деген, бирок келген жок. Келбей койгондугунун себеби дагы белгисиз", - дейт жактоочу.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат.

Буга чейин 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечимин чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alimbek1000
2020-01-27 18:40:46
Сапардын былыктарын айтып сал да шатыратып эле
-1
Jaznura
2020-01-27 18:41:41
Сапар Исаковдун жактоочулары да сотту тоотпой бүгүн түштөн кийинки отурумга катышпай койду буга чара көрүлсүн.
-1
Alimbek1000
2020-01-27 18:42:10
Сапар сарыны аяп аткан го анда
-2
Kairat1996
2020-01-27 20:58:44
Бул сот ишинде эч бир чындык жана ачык айкын болбойт. Азыркы соттор бир гана Матраимовтор менен Сооронбайлардын кызыкчылыгына иштеп калган. Эч бир сот иши калыс чечилбейт. Сооронбай Жээнбековтор бийликтен кетсин. Болбосо онолбойбуз.
+1
elebes86
2020-01-27 21:04:30
Сооронбай менен иниси олконун ашмалтайын чыгарып бутурмой болушту. Жээнбековтордон эч бир жакшылык кутпой эле койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан