Аскарбек Шадиевдин камакка алынган байлыгынын тизмеси

6-майда Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жана жакындарынын мүлктөрү камакка алынганы белгилүү болгон. Ага чейин интернетке тийиштүү санкциянын сүрөтү жарыяланган. Анда Шадиевдин жана жакындарынын 25 банкта банктык эсеби, Кыргыз мамлекетинин аймагында жайгашкан 50 жана 100 пайыз ээлик кылган 10 ишканасы, ошондой эле Бишкек менен Чүй облусунда жайгашкан бир канча турак жайы, унаасы камакка алынганы жазылган.

Шадиевдин жана жакындарынын банктык эсеби бар банктардын тизмеси:

  1. "Кыргызстан комерциялык банкы" ААКсы;
  2. "Кыргызкоммерцбанк" ААКсы;
  3. "Аманбанк" ААКсы;
  4. "Оптима Банк" ААКсы;
  5. "Толубай" банк ЖАКсы;
  6. "РСК Банк" ААКсы;
  7. "БТА Банк" ЖАКсы;
  8. "ЭкоИсламикБанк" ААК ;
  9. "Дос-Кредобанк" ААКсы;
  10. "Демир Кыргыз Интернэшнл банк" ЖАКсы;
  11. "Халык Банк Кыргызстан" ААКсы;
  12. Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы;
  13. "Финанс Кредит Банк" ААКсы;
  14. "Айыл Банк" ААКсы;
  15. "Росинбанк" ААКсы;
  16. "Капитал Банк" ААКсы;
  17. "Бай-Түшүм" банк ЖАКсы;
  18. "Азия Банкы" ЖАКсы;
  19. "Бакай Банк" ААКсы;
  20. "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАКсы;
  21. "Финка Банк" ЖАКсы;
  22. "Банк Компаньон" ЖАКсы;
  23. "Кыргыз-Швейцария банкы" ЖАКсы;
  24. "Евразиялык сактоо банкы" ААКсы;
  25. "Чанг Ан инвестициялык банкы" ААКсы.

Мүлкү:

Бишкек шаарында 3 батир жана 1 кеңсе, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагында эки турак үй. Ошондой эле Тойота Лэнд Крузер 150 үлгүсүндөгү автоунаа.

Ээлик кылган ишканалар:

  1. "Карвен 4 мезгил" ЖЧКсы - капиталынын 33,33 пайызы жакын адамына таандык;
  2. "Бената" ЖЧКсы - капиталынын 50 пайызы;
  3. "Карвен групп" ЖЧКсы - капиталынын 50 пайызы;
  4. "Ларель" ЖЧКсы - капиталынын 50 пайызы;
  5. "Боорсок плюс" ЖЧКсы - капиталынын 100 пайызы;
  6. "Тип Топ" ЖЧКсы - капиталынын 100 пайызы;
  7. "Трейд Инвест" ЖЧКсы - капиталынын 100 пайызы;
  8. "Континенталь транс сервис" ЖЧКсы - капиталынын 33,33 пайызы;
  9. "Аква Инвест плюс" ЖЧКсы - капиталынын 100 пайызы;
  10. "Союз Инвест" ЖЧКсы - капиталынын 100 пайызы.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Бирок анын жардамчысы Айбек Эрмеков "Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Кайсы өлкөгө кеткени жана качан келери тууралуу маалыматым жок, бирок дарылануусу бүткөндөн кийин келет", - деп билдирген. Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов: "Биздин маалыматтар боюнча депутат Аскарбек Шадиев эч жакка чыккан эмес", - деп кабарлаган.

Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.

Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан