Мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Интернетте Аскарбек Шадиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак бергенден кийин ооруканага жатып калгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул боюнча УКМК комментарий бере элек.
Эске салсак, буга чейин 22-мартта Аскарбек Шадиев УКМКга Жогорку Кеңештен 2 миллион сомдун уурдалышына байланыштуу сурак берген. Аскарбек Шадиев 6-апрелде кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.