ЖЭБ иши боюнча соттолгон "Электр станциялар" ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев эркиндикке чыкты

Бишкектеги ЖЭБдеги авария боюнча соттолгон "Электр станциялар" ААКнын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Узак Кадырбаев 2018-жылдын 3-апрелинде кылмышка шектелип кармалган. Ал "коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталып, 4 жарым жылга эркиндигинен ажыраган. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Жактоочунун айтымында, Узак Кадырбаев жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты.

Окуянын чоо-жайы:

Былтыр, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sakubek
2019-09-02 20:14:05
4 жыл 1жылда бутобу?
0
elchi84
2019-09-02 20:27:29
Ошондо таштагандар жашап жатат экен да.
+2
gute
2019-09-02 20:31:32
Жакшы акча тологон экенда значит. Кээ бир карапайым элдер куноосу жок туруп камалып кетип атышат. Аа булар миллиондорду тоносо дагы чыгарып жиберишет.
+1
Tursunbaev2017
2019-09-03 02:51:23
миллион уурдаган кутулат,тоок уурдаган тутулат деген ушуда
0
Jaznura
2019-09-03 08:56:50
ТЭЦтеги коррупциянын ана башында Атамбаев менен Исаков турат. Калгандары заказды аткарган желдеттер
+2
Ernestinio
2019-09-03 09:07:04
Куноосу жок болгондор чыгып, адилеттуу болсун соттор. Ким жооп берген ошондо ал учун, ошолор кармалса койгой да жок болот. Канчалаган миллиондор кимдердин чонтогуно тушуп, кимдерди багып келатат
+2
Bektur2011
2019-09-03 09:20:41
Бул адамдар Атамбаевдин буйругун аткарган. Бошотуп туура эле кылыптыр.
+1
altyn-kumush
2019-09-03 09:22:09
ЖЭБ боюнча коррупцияда кимдин кыпындай тиешеси болсо жаза алыш керек. Бардык шаардыктарды тоңдуруп өлтүрмөк эле.
+2
Erik2018
2019-09-03 09:48:50
негизги 111 млн доллар акчаны Сапар менен Атамбаев офшорго которуп салган калганы майда чабаттар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан